УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго (УКТ) каршы жүргүзүлүп жаткан ыкчам жана системалуу күрөшүнүн жүрүшүндө, 2025-жылдын 8-июль күнү Талас обусунун Айтматов районунун Маймак айылынын ээн талаа участкасында, УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Чек ара кызматынын Ыкчам ишмердик башкы башкармалыгын жана “Сатыкей” чек ара заставасынын кызматкелери менен биргеликте иликтөө иштери жүргүзүлүп, мамлекеттик чек арадан 50 метр аралыкта мыйзамсыз курал-жарактар сакталган жашыруун жай аныкталды.
Аныкталган жайдан төмөнкү курал-жарактар табылды:
-АК-47нин 4 даана магазиндери;
-1 даана 5.45 калибириндеги ок;
-6 даана 12 калибириндеги октор;
-2 даана бычактар;
-2 даана 16 калибириндеги сайсыз мылтык;
-2 даана 32 калибириндеги сайсыз мылтыктар, бирөөсү кыскартылган (обрез);
-1 даана жаашыруун маска жана кол кап;
-2 даана атылган 32 калибирдеги гильзалар.
Азыркы убакытта көрсөтүлгөн фактысы боюнча чогултулган материалдар АМС МЭЖге (АИС ЖУИ) катталып, тийиштүү тергөө амалдары жүрүүдө.