Бүгүн Бишкекте кезектеги ипотекалык батирлер жарандарга тапшырыларын Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.
Бул ирет борбор калаадагы Калый Молдобасанов көчөсүндө курулуп бүткөн турак жайлардагы батирлердин ачкычтары үй ээлерине берилет. Буга чейин бул даректе 3 көп кабаттуу 225 батирлүү турак жайдын курулушу 2025-жылдын жай айларында аяктай турганы кабарланган.
Иш-чарага президент Садыр Жапаров да катышары белгиленген.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына караганда, учурда өлкө боюнча 40 миң 411 жаран ипотекалык батир алуу үчүн кезекте турат. Буга чейин 9799 үй-бүлө турак жайлуу болгон.