УКМКнын төрагасынын жакын туугандарынын аты жөнүн пайдаланып өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык кылган дагы бир кылмыш ишине бөгөт коюулганын бүгүн аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда УКМК төрагасынын жакын туугандарынын атын жамынган Ш.у.З. жана С.И.Ф. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары УКМК тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча кармалышты. Такталгандай, аталган адамдар коркутуу жолу менен, ошондой эле УКМК төрагасынын уулу менен жакын мамиледе экендигин айтышып К.Э.И. аттуу жарандын жеке кыймылсыз мүлкүн ээлеп алышкан.
2025-жылдын 3-июлунда козголгон кылмыш ишинин алкагында Ш.у.З. жана С.И.Ф. кармалып, КР ЖАКнын №1 ТКЖна киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, башка тиешеси бар адамдар такталууда.