Кыргызстандык жаш журналисттер Кытайдагы медиа иш-чарага катышууда
Новость

 9-июлда Кытай Эл Республикасынын Хунань провинциясынын Чанша шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жаш журналисттери үчүн медиа-семинар башталды.

Ага Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген жаш медиа өкүлдөрү катышууда. Кыргызстандан семинарга бир катар медиа өкүлдөрү барган, алардын катарында УТРКнын “Замана” студиясынын шеф-редактору жана алып баруучусу Чынгыз Рыскелдиев да бар. Бул иш сапардын максаты кесиптик тажрыйбаны арттырып, медиа чөйрөсүндө кызматташууга жана адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Семинардын алкагында катышуучулар Кытай Эл Республикасынын өнүгүү этаптары, жетишкендиктери, жасалган реформалары, жакырчылык менен күрөшүү сыяктуу басып өткөн жолундагы бай тажрыйбасы менен таанышат. Ошондой эле маданий ар багыттуулуктун жана жаңы медианы өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрү белгиленет.

Программада Red Net компаниялар тобу, Hunan Daily басма үйү жана Сиань телерадиокомпаниясы сыяктуу алдыңкы медиа уюмдарына барууну камтылган.

28-июлга чейин созулчу бул иш-чара Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлиги тарабынан уюштурулган.