Жумгал райондук кинодирекциясынын Татыбүбү Турсунбаева атындагы кино театрында алгачкы жолу кыргыздын улуттук колоритиндеги этнозал ачылды.
Аталган кинозалда кино өнөрүнүн залкар таланттары Таттыбүбү Турсунбаеванын, Сүймөнкул Чокморовдун, Элина Абай кызынын элестери түшүрүлгөн пано жанрында тартылган сүрөттөрү илинген. Бул бөлмөдө шырдак, алты кат жерге төшөлгөн, атайын жумшак олтургучтар коюлган.
Этнозал 15 орунга ылайыкталган. Эртеден кечке жумушта иштегендерге, улгайган карыларга үйдөгүдөй атмосфераны жараткан этнозал бардык көрүүчүлөр үчүн дагы ыңгайлуу. Ошондой эле көрүүчүлөр үчүн этно балмуздактар дагы берилет. Этнозал кечки 16:00дөн 22:30га чейин өз көрүүчүлөрүн кабыл алат.
Аталган мекеме 1968-жылы ачылган. 2022-жылы толук капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. Бул кинодирекцияда 4 кызматкер эмгектенип келет. Учурда көрүүчүлөрдүн суроо-талабы менен жаңы заманбап кыргызча кинолор байма-бай көрсөтүлүп турат.