Кадамжайда айдоочу жол тескөөчүгө 5500 сом пара сунуштап жатып кармалды
Новость

Кадамжай районунда айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдап жүргөн жаран мыйзам бузганын жашыруу максатында жол тескөө кызматкерине 5500 сом өлчөмүндө пара сунуштап жатып кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Маалыматка караганда, 30-майда Кадамжай районунун аймагында «Дэу-Тико» үлгүсүндөгү унааны башкарган 2005-жылы туулган жаран жол тескөөчүлөр тарабынан токтотулган. Текшерүүнүн жүрүшүндө анын транспорт каражатын башкарууга укук берүүчү айдоочулук күбөлүгү жок экени аныкталып, унаа айып короо жайына токтотулган.

Арадан бир нече күн өткөн соң, тактап айтканда 3-июнь күнү аталган жаран мыйзам бузганы үчүн жоопкерчиликтен качуу максатында жана унаасын протокол түздүрбөй эле алып кетүү үчүн Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн ЖККБ кызматкерине 5500 сом өлчөмүндө пара сунуштаган.

Милиция кызматкерлеринин мыйзам чегинде көргөн ыкчам аракеттеринин натыйжасында пара берүү учурунда шектүү жеринде кармалып, Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык ("Пара берүү, билип туруп мыйзамсыз аракет жасоо үчүн") кылмыш иши козголду. Айдоочу учурда убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөө иштери улантылууда.