Тогуз-Торо районундагы “Казарман” аэропорту толугу менен бүткөрүлдү. Учурда учактарды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.
Анын айтымында, учактардын жетишсиздигине байланыштуу азырынча каттамдар ачыла элек. Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясынын үчүнчү учагы келээри менен каттамдар жүргүзүлө баштайт.
Ал эми “Нарын” аэропортуна 570 метрди тузгөн жаңы аэробекет салынды. Учуп-конуу тилкесинин узундугу 2145 метрди түзөт. Керектүү техникалар менен камсыздалган. Натыйжада жаңы учактын алынып келиниши менен эки аэропорт чогуу ачылат.
Бүгүнкү күндө “Чаткал” аэропортун жандандыруу боюнча да атайын изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Жергиликтүү тургундардын суроо-талабына жараша алдыда башка аймактарда да чакан аэропорттор салынышы мүмкүн.
Учурда өлкөдө 11 аэропорт бар. Анын алтоо эл аралык, бешөө аймактык аэропорттор.