Кыргызстандык окуучулар II Ташкент эл аралык олимпиадасынан 7 байге менен кайтышты
Новость

17–21-май күндөрү Ташкент шаарында өткөн II Ташкент эл аралык  (TASIMO) математикалык олимпиадасында Кыргызстандын окуучулары жогорку натыйжа көрсөтүштү. 13 мамлекеттен келген 240тан ашык катышуучунун арасында кыргызстандык 4 окуучу 1 алтын, 3 коло медаль утуп алышты. Дагы үч окуучу Ардак грамота менен сыйланышты.

Алтын медаль:

  • Акимов Ариет, 7-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби

Коло медаль:

  • Эшперов Нурсултан, 11-класс, «Газпром Кыргызстан»
  • Капаров Нурдөөлөт, 11-класс, «Газпром Кыргызстан»
  • Мусаходжаев Султан, 9-класс, №70 мектеп-гимназия, Бишкек

Ардак грамота:

  • Киргизбаев Назар, 11-класс, №61 АФММЛ
  •  Акенеев Тимур, 10-класс, «Газпром Кыргызстан»
  • Саят Арлан, 7-класс, «Газпром Кыргызстан»

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды:

  • Коло медаль ээлери – 400 АКШ доллары
  • Күмүш медаль ээлери – 600 АКШ доллары
  • Алтын медаль ээлери – 1000 АКШ доллары

Сыйлыктар машыктыруучулар менен бирге бөлүштүрүлдү. Команданы Мамат Ишматов жана Бекжол Жолдубай уулу даярдашкан. Олимпиаданын калыстар курамына Чехия, Иран, Словакия жана Малайзиядан белгилүү адистер тартылган.