Бишкекте 150 орунга ылайыкталган заманбап төрөт үйү курулуп жатат
Новость

Бишкек шаарында заманбап талаптарга жооп берген жаңы төрөт үйүнүн курулушу уланууда. Объект №1 төрөт үйүнүн аймагында жайгашып, медициналык стандарттарга ылайык курулууда.

Жаңы имарат жалпы беш  кабаттан жана жер төлөдөн турат жана 150 орунга эсептелген. Ал заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалып, эне-баланы тейлөө сапатын жогорулатууга багытталган.

Подрядчы уюмдун өкүлү Элдос Курманбековдун айтымында, учурда фундамент үчүн арматура байлоо иштери жүрүп жатат. Бул жумушка 20 монолит адиси тартылган.

Имараттын  функционалдык түзүмү төмөндөгүдөй болот:

  • Жер  төлөдө: стерилизация бөлүмү, лаборатория, кампалар жана ашкана;
  • Биринчи  кабатта: кабыл алуу бөлүмү жана операциялык блок;
  • Экинчи  кабатта: төрөт бөлүмү;
  • Үчүнчү  кабатта: кош бойлуулук патологиясы бөлүмү;
  • Төртүнчү  кабатта: ымыркайлар жана реанимация бөлүмдөрү;
  • Бешинчи  кабатта: администрация жана жардамчы бөлүмдөр жайгашат.