Көгүлтүр отту доллар менен эмес, сом менен сатып алыш керек
Новость

 Өкмөт Кыргызстанды газ менен жабдыган Орусиянын "Газпром" компаниясына газдын баасын толугу менен рублге өткөрүү өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди. Анын айтымында, ушу тапта Кыргызстан "Газпромдон" газдын 1 миӊ кубун 165 доллардан сатып алгандыктан, анын баасы доллар менен кошо өсүп барат. Ошондон улам, газ наркын рублге өткөрүү кыйла пайдалуу болот.

"Ал эми ТЭЦ үчүн жергиликтүү көмүрдүн тоннасын 2800 сомдон, Казакстандын көмүрү 56 доллардан сатылып алынууда. Бишкек ТЭЦ реконструкцияланып бүтсө, от казандар жергиликтүү көмүр жагууга ылайыкташтырылгандыктан, жергиликтүү көмүр гана сатып алына баштайт",- дейт Панкратов.