2016-жылы Кыргызстанга эки миллион көчөт тигүү тапшырмасын өкмөт Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигине тапшырды. Бул иш, жашылдандыруу иштерин активдештирүү жана токой аянттарын кеңейтүү максатында жүргүзүлмөкчү. Буга чейинки эл аралык уюмдар тарабынан 23 өлкөдө жүргүзүлгөн изилдөө иштеринде Батыш жана Борбор Азияда токойлордун аянты кыскарганы көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда токойлор өлкө аймагынын болгону 960 миңге жакын гектарды түзөт. Токой аянттары топуракта ным кармоо, сел жана көчкүлөрдү алдын алуу өңдүү милдеттерди аткарат.