Бүгүнкү күнү өлкө аймагындагы ар бир айыл өкмөттүн алкагында жайыт комитети деп аталган кошумча структура иштейт. Эгерде бул тармакка иштин көзүн билген компетенттүү адамдар келсе жайыт аймактарын туура башкарууну гана эмес, бүтүндөй өлкө аймагындагы ветеринардык коопсуздукту жана малдын идентификация маселесин чечсе болот. Учурда аймактардагы жайыт комитеттери кандай иштерди аткарууда?