Жалал-Абад аймагындагы өндүрүш тармагы быйыл ийгиликтерге жетти. Бир гана шаар менен райондорго гана басым жасалбай, айыл жеринде да чакан ишканалар көбөйдү. Ишкерликти колдоо менен элет элин иш менен камсыздоого мүмкүн болду. Муну менен миграция агымы да азайгандыгы байкалууда.