ЖК фракциялары акыйкатчыны тандоодо
Новость

Парламенттин социал-демократтар фракциясы Акыйкатчыга Гүлнара Жамгырчиеванын талапкерлигин сунуштайт. Мындай чечим фракциянын  отурумунда  жашыруун добуш бергенден кийин кабыл алынды. Гүлнара Жамгырчиеванын талапкерлиги үчүн депутаттардын 22 “макул” 9 “каршы”  деген добушун берген.

Фракция депутаттары  омбудсмен институтунун ишмердүүлүгү менен тааныш экендигине жана саясаттан тыш чыр-чатаксыз иш алып барат деген ишенимде Жамгырчиеванын талапкерлигине токтолгонун билдиришти.

Кошумчалай кетсек Гүлнара Жамгырчиева Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты, учурда  Омбудсмендин милдетин аткаруучу кызматын аркалап жатат. Жалпы болуп Омбудсменге он беш талапкер арызын берген. Бирок депутаттар талкуудан кийин эки талапкерге токтолуп, добуш берүүнү чечти. Ал Гүлнара Жамгырчиева менен Турсунбек Акун.