ЖК доллардын наркы боюнча чара көрүүнү талап кылууда
Новость


Депутаттар кечээ күнү доллар кунунун кескин өсүп кеткени боюнча маселени карашты. Эл өкүлдөрү  өкмөт бул багытта кечиктирилгис чараларды көрүүгө тийиш деген ойдо. Депутат Акылбек Жапаров өкмөт менен Улуттук банкка коммерциялык банктардан насыяларды доллар менен алгандардын түйшүгүн жеңилдетип, сомго которуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштады. 

Кошумчалай кетсек жыл башынан бери Улуттук банк сомдун кунун туруктуу сактоо максатында  217 миллион долларды  интервенциялаган. "Бирок бул аракеттер каржы рыногундагы абалды турукташтырыган жок" - дейт депутаттар.