Экспортко багытталган товарларды көбөйтүү боюнча атайын программа иштелип чыгууда
Новость

Кыргызстанда экономикадагы тең салмактуулукту сактап калуу үчүн экспортко багытталган товарларды көбөйтүү боюнча атайын программа иштелип чыгууда. Бул тууралуу Экономика министрлигинин макроэкономикалык башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев билдирди. Анын айтымында, учурда Улуттук банк аркылуу экспортко багытталган өндүрүштү колдоо боюнча иш жүрүүдө. Мындан тышкары ички соода-сатык иштерин улуттук валютада  жүргүзүү дагы маанилүү дешет адистер.