Орусия менен биргеликте ГЭС куруу макулдашуу жокко чыгарылды
Новость

Кыргызстандын аймагында ГЭС куруу тууралуу Кыргызстан менен Орусия өкмөттөрүнүн ортосунда кабыл алынган макулдашууларды жокко чыгаруу боюнча мыйзамга Президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Белгилей кетсек 2012-жылдын 20-сентябрында,  Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу, эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууларга Бишкек шаарында кол коюлган. Андан бери Кыргыз тарап өз жоопкерчилигине алган милдеттерин толук аткарды, бирок Орусия тараптан аткарыла турган иштер илгерилебей жатканын айтып, макулдашуудан чыгууну чечкен.

Мыйзам долбоору парламент 20-январда жактырган. Эми дипломатиялык каналдар аркылуу документ алмашуу, такташуу процесстери жүрмөкчү. Кол коюлган мыйзам жарык көргөндөн 15 күндөн кийин күчүнө кирет.