Мектеп ашпозчуларына мастер-класс өткөрүлдү (25.01.2016 жаңыланды)
Новость

Билим жана илим министирли, Саламаттыкты сактоо министирлигинин колдоосунда Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк өндүрүү программасынын демилгесинде, мектептеги тамактанууну ылайыкташтыруу үчүн Бишкектеги №18 Профессионалдуу лицейинде республиканын бардык облустарынан келген мектеп ашпозчуларына мастер-класс өткөрүлүүдө.

Лицейдин мастерлери жана кулинар Данияр Деркембаев ашкабак жана фасолдон жасалган тамактарды мастер-класс кылып көрсөтүштү. 


   

№18- профессионалдуу лицейинин мастери Нурзат Турдубаева өсүп жаткан организмге керектелүүчү пайдалуу микроэлементтердин жана витаминдердин  ашкабак жана фасолдо көп болоорун белгиледи.

Өлкөнүн ар тарабынан келген мектеп ашпозчулары үчүн "Куликовский" кондитердик фабрикасына жана "Технобренд" профессионалдуу технологиялык жабдуулар магазинине экскурсия өткөрүлдү.

   

Бүгүн, 22-январда иш-чаранын уюштуруучулары тарабынан ашпозчулардын конкурсу өткөрүлүүдө. Ашпозчуларга керектүү азыктардын тизмеси берилет. Алар ошол азыктар менен 1-4 класска чейинки мектеп окуучуларынын  менюсун түзүп, калькуляция өткөрүп, тамак жасашы керек.

   

Калыстардын курамында көз карансыз эксперттер, башкы ашпоз Данияр Деркембаев жана  лицейдин тамак-өнөр жайынын технологдору болушат.

   

Ушул жана башка сүрөттөрдү шилтеме аркылуу толук көрүңүз МЕКТЕП АШПОЗЧУЛАРЫНА МАСТЕР-КЛАСС ӨТКӨРҮЛДҮ (ЖАҢЫЛАНДЫ)