Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын башчысы Айбек Калиевди кабыл алды. Президентке - жылуулук берүүчү мезгилдин өтүшү, ошондой эле өлкөнүн энергетикалык системасынын акыбалы тууралуу маалымат берилди.
Айбек Калиев өлкөдө ишке ашырылып жаткан ири энергетикалык долбоорлор боюнча, атамекендик энергетиканы өнүктүрүүнү, анын ичинде жаңы кубаттуулуктарды киргизүүнү караган инвесторлордун сунуштары тууралуу маалымат берди. Алмазбек Атамбаев жылуулук берүү мезгилин үзгүлтүккө учуратпай өткөрүп, калкты электр энергиясы менен камсыз кылууда пайда болгон маселелерди чечүү үчүн энергетиктер тынымсыз аракет кылышы керектигин белгиледи.
Мамлекет башчысы өлкө энергетиктери - алдыда ири гидроэлектр станцияларын, Бишкек жылуулук борборун жана өлкөнүн негизги электр түйүндөрүн заманбап жаңылап, энергетикалык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырышы керектигин баса белгиледи.