Унаа кырсыгынан каза болгондордун саны 1066га жетти
Новость

2015-жылы жол унаа кырсыгынан  каза болгондордун саны 1066га жетти. Бул тууралу бүгүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында белгиленди. Жыл аралыгында айып аянтчасына 39005 автоунаа коюлуп, мамлекеттин казынасына 404 миллион 478000 сом түшкөн.  

Чындыгында адистер унаа кырсыктарынын көп орун алынышына республикабызда авто унаалардын санынын өскөнүнө байланыштырат. Эгер көчөлөргө көрмө көзөмөл жабдуулары орнотулса, анда бул айдоочулардын жол эрежелерин туура сактоого өбөлгө түзөрүн жол кайгуул кызматынын инспекторлору эске салышат.