Кыргызстандан жыл сайын 50 миңдей жаран тышка чыгып кетет
Новость

Өлкө  аймагынан жыл сайын узак  мезгилдерге 50 миңдей  жаран  чыгып кетет. Алардын көпчүлүгү  мекенине  кайтып  келишкен  жок. Мындай көрүнүш 2005-жылдардан башталган дешет  адистер. Тактап  айтканда, 2005-2010-жылдардагы  мамлекеттеги саясий туруксуздук, социалдык-экономикалык  факторлор жарандарды  өлкөдөн  чыгып кетүүгө мажбур кылган. Азыркы күндөгү негизги көйгөй, ошол жарандардын балдарынын  Ата-Журтун   билбей  калгандыгы  болууда.

Маалыматтарга караганда, миграциялык  агым өлкөнүн  түштүк  регионунда  арбын байкалууда.  Башкача айтканда, чет жактарга кетип жаткандардын 35 пайызы  Баткен облусунда, 28 пайыз Жалал-Абад болсо, 22 пайыз Ош облусунан. Ал эми Нарын, Талас, Ысык-Көл, Чүй  облустары жана Бишкек шаарынан кеткен жарандардын  көрсөткүчү 1 пайыздан 5 пайызга чейин жетет.