Владимир Путин Туркияга дагы кошумча санкцияларды салат
Новость

Орусиянын президенти Владимир Путин аскер учагы атып түшүрүлгөнгө байланыштуу Түркияны кайра сынга алып, Кремль дагы кошумча санкцияларды салаарын билдирди. Орус парламентине кайрылган Путин Түркия кылмыш жасаганын айтып, бул өлкө кылган ишине өкүнөөрүн эскертти.

Ал тапта Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган да бул маселе боюнча билдирүү менен чыгып, Орусиядан далилдерди талап кылды. Орусия айыптоолорун документтер менен тастыктап берсе, президенттик милдетинен баш тартаарын билдирди. 


"Биринчи радио"