Бишкекте 5-декабрдан баштап 25-декабрга чейин Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде алгачкы жолу өтө турчу “Ачык дүйнө” долбоорунун алкагында “Наследие. ЭтноART” аталыштагы эл аралык сүрөт көргөзмөсү өтөт. Музейдин директору, сүрөтчү Юристанбек Шыгаев айтымында аталган көргөзмө дүйнө жүзүнүн Кыргызстандагы элчиликтеринин катышуусунда ачылат.
“Бул көргөзмө Кыргызстандын маданиятындагы эң чоң жаңылыктардын бири десек жаңылышпайбыз. Ага 11 мамлекет катышканы турат. Бүгүнкү күндө биздин музейде көптөгөн көргөзмөлөр өтүп келе жатат. ”,-деди Ю.Шыгаев.