2016-жылдан 2018-жылга чейин жеңил өнөр-жайын жана тигүү тармагын өнүктүрүү үчүн “Техно-парк” долбоорунун программасы иштелип чыкты. Иштелип чыккан программаны мамлекет өкүлдөрү, эксперттер жана тигүү тармагынын өкүлдөрү талкуулап, өз ойлорун ортого салышты. Мындай талкуулар коомдо бир айга чейин жүрүп, анын негизинде өзгөртүүлөр киргизилет. Башкаруу боюнча кеңешчилер институтунун аткаруучу директору Азамат Аттокуровдун айтымында, учурда бул багыттагы соода-сатык төмөндөп кетти. Анткени экспорт негизинен Россия менен Казакстанга жөнөтүлчү, бүгүнкү күндө ал жакта базарлар жабылып жатат. Тигүү өндүрүшүнүн азайышы доллардын наркы жогорулашынан келип чыгууда. Эми жеңил өнөр-жайды өнүктүрүү тууралуу түзүлгөн программа өкмөткө сунушталат.
“Биз сапатты жогорулатышыбыз керек, анан барыбыз биригишибиз керек. Кичинекей цехти бири-бири менен бириктирип бир бренд менен иштеш керек да. Анан специализация болушу керек. Бир тигүү цех болсо 1 же 2 гана модель тиккенге аракет кылыш керек. Мисалы бизде куртка заказ кылса куртка тигебиз, байпак заказ кылса аны тигебиз, ошондуктан бизде специализация жок болуп сапат төмөн болуп жатат” - деп белгиледи А. Аттокуров.