Түп району:жапырт эмдөөдөн баш тарткандар чыгып жатат
Новость

Ысык-Көлдүн Түп районунда жапырт эмдөөдөн баш тарткандар чыгып жатат. Алар вакцинада адамдын ден соолугуна зыяндуу зат кошулган деп шектенишет. Жергиликтүү дарыгерлердин айтымында, эмдөөдөн баш тарткандар муну менен гана чектелбестен, эмдөө боюнча эл арасында туура эмес маалымат таратып, иштин жүрүшүнө тескери таасир тийгизип жатышат.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болсо маселени жөнгө салуу үчүн айыл аксакалдары, дарыгерлер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет. 

Ал арада Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөгө кирген ар бир дары тиешелүү лабораториялык кароодон өткөндөн кийин гана пайдаланууга уруксат берилерин белгилейт.

Ысык-Көлдүн Түп районунун Арал айыл аймагындагы Долон айылында кызамыкка каршы эмдөөдөн баш таркандар болууда. Алар бир чети диний көз карашты карманышып, экинчи жагынан дары-дармектердин сапатына шек саноо менен мындай жолго барышууда.

Айылдагы Ибраев атындагы ФАПта 29 жылдан бери иштеген Насипкүл Амасбаева мындай тескери түшүнүк менен эмдөөдөн баш тарткандар 15-20га жетет. Алар өзүлөрү эмдөө албаганы, үй-бүлө мүчөлөрүн дарылатпаганы аз келгенсип, эл арасында эмдөөгө каршы келген үгүт жүргүзүшөт, дейт Насипкүл айым.