Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрайымы Нурсулу Ахметованы кабыл алды.
Жолугушууда өлкө башчы - мамлекеттик банктар менен биргеликте иштеп жаткан фонд тарабынан чакан жана орто ишкерликти каржылоонун максаттуу программасынан кабар алды.
Нурсулу Ахметова мамлекеттик банктар тарабынан жалпы суммасы 608 млн. сомго бааланган 56 долбоор жактырылгандыгын, алар - айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү, тоо-кен жана металлургия өнөр-жайы багытында экендигин билдирди.
Президент Алмазбек Атамбаев жана Нурсулуу Ахметова импорттун ордун алмаштыруучу, жаңы жумуш орундарын тузүүчү, экспорттун көлөмүн көбөйтүугө багытталган долбоорлорду каржылоо боюнча аракеттердин негизги багыттарын талкууга алды.