Коомдук кеңештер мамлекеттик органдардын теңата өнөктөшү жана жардамчысы болушу зарыл. Мындай пикирин өкмөт башчы Темир Сариев мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин жыл сайын өтчү конференциясында билдирди.
"Демократиялык коомдун маанилүү күчү катары мамлекеттик башкарууда жарандык демилгенин илгерилегени жакшы көрүнүш",-деди Сариев. 2014-жылдын 24-майында президент мамлекттик органдардагы коомдук кеңештер тууралуу мыйзамга кол койгонун кошумчалап, ага ылайык өлкөнүн 36 мамлекеттик органына коомдук кеңештин мүчөлөрүн шайлоо жол-жобосу аяктап калганын ырастады.
"Атайын комиссия 600 арызды карап чыгып, 256 адам тандалып алынды. Өкмөт башчы жарандык демилгелерди талкуулап, алдыга жылдыруу коомдук кеңештер институтун өнүктүрүүнү улантуу керек. 2010-жылы Роза Отунбаеванын демилгеси менен мамлекеттик органдарда коомдук кеңештер түзүлгөн. Мына бүгүн мыйзам менен бекип отурат. Убакыт коомдук кеңештер зарыл экенин көрсөттү. Жарандык демилгелерди сунуштоодо, мамлекеттик органдар менен иштетшүүдө коомдук кеңештер жакшы курал болуп берет", -деп белгиледи өкмөт башчы.