Депутаттар Кыргызстанда аңчылыкка тыюу салууну сунуштоодо. Эл өкүлдөрү 2030-жылга чейин жапайы жаныбар жана канаттууларга аңчылык кылууга тыюу салууну демилгелеп чыкты. Белгилей кетсек Кыргызстандын аймагында аңчылык жүргүзүү тармагында 50дөн ашык мекеме-уюмдар иш жүргүзөт.
Маалымдалгандай, Жогорку Кеңешке бир катар мекемелерден бул маселе боюнча кайрылуу түшкөн. Аңчылык кылуу боюнча жердин жалпы аянты 14 миллион гектарды түзөт.
“Кыргызстанда аңчылыкка тыюу салуу боюнча” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Анын ишке ашырууда карышкыр, түлкү жана чөөгө аңчылык кылуу кирбейт.