Айтыш өнөрү ЮНЕСКО тизмесинде
Новость

Кыргыз менен казактын айтыш өнөрү ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирди. Мындай чечим эл аралык уюмдун 2-декабрда Намибиянын Виндхук шаарында өткөн маданий мурастарды коргоо комитетинин жыйынында кабыл алынды.
Акындар таймашы болгон айтыш өнөрү акыркы жылдары  Кыргызстанда жанданып, өзгөчө жаштардын кызыгуусун арттырып, жаш акындар пайда болду.

Эске салсак, ЮНЕСКОнун бул тизмесине   “Манас” үчилтиги, Оштогу Сулайман тоо, шырдак, ала кийиз жана тарыхый аталыштагы байыркы Суяб, Баласагын шаарлары кирген.