Улуттук банк 1,5 миллион долларды сатыкка чыгарды
Новость

Улуттук банк сомдун курсун кармап туруу үчүн долларды сатууну улантууда.  Башкы банктын сайтындагы маалыматка ылайык, банк кечээ дагы 1,5 миллион долларды сатыкка чыгарды. 

2016-жылдын башынан бери Улуттук банк сегизинчи ирет валюта базарына доллар сатты. Январь айындагы жасалган интервенциянын жалпы суммасы 39,2 миллион долларды түздү.