Т.Сариев: Орусиядагы абал Кыргызстандын экономикасына таасир берет
Новость

Алдыда Орусияда күтүлгөн каатчылыкка байланыштуу белди бекем бууп, былтыр башталган өнүгүү иштерин улантуу керек. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев инвестициялык саясат боюнча кеңештин кезектеги жыйынында билдирди. Өкмөт башчы  Орусиядагы абал Кыргызстандын экономикасына сөзсүз таасир берерин эске салып, тез арада өкмөттүн кризиске каршы планын  бекитилерин айтты. Ал арада жергиликтүү серепчилер өкмөт социалдык катмарга өзгөчө көңүл бурса, Кыргызстандыктар кризисти деле сезбей калышы ыктымалдыгын айтышууда.

Өкмөт башчы Темир Сариевдин айтымында Орусиялыктар  быйыл 98-жылдагыга окшош экономикалык каатчылыкты күтүшүүдө. Андыктан ал жактагы кырдаал Кыргызстанды дагы кыйгап өтпөйт –деди премьер. Былтыр өкмөт кризиске каршы 40 тан ашуун иш-чараларды өткөрүп, өндүрүш ишканаларын  ишке киргизүү менен абалды жөндөп кетүүгө жетишкен. Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин жыйынында Темир Сариев өкмөт мүчөлөрүнөн буга чейин башталган өнүгүү ыргагын улантууну талап кылып, алды менен Туруктуу өнүгүү улуттук стратегиясында каралган инфляция денгээлин кармоо зарылдыгын эскертти. Өкмөттүн алдын- ала божомолдору боюнча эгерде бардык шарттар аткарылса ички дүң продукциянын  өсүшү 5,2 пайызды түзөт.

Эске салсак, өкмөт башчы жайында район жана республикалык шаарлардын жетекчилигине жыл соңуна чейин 10 дон ишкананы ишке киргизүү тапшырмасын берген. Бул тапшырманын негизинде 500 дөн ашуун ишкана ишке кирип, 10 миңге чукул  жумушчу орундар түзүлдү. Экономика министрлигинин  түндүк аймактар башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиев айрыкча ачылган жаңы ишканалардын көпчүлүгү кайра иштетүү , жеңил өнөр жай жана курулуш тармактарына багытталганын билдирет.

Алдыда былтыркыдай  эле  ири ишканалар ишке киргени турат. Бул энергетикалык, инфраструктуралык жана улуттук ири долбоорлор. Ал эми Бозумчак, Кумтөр алтын кендеринен казынага ири каражаттар тушөрү, Иштамберди кенинен 100 млн доллар инвестиция келери күтүлүүдө. Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеевдин пикиринде, өкмөт  өзгөчө социалдык катмарга колдоо көрсөтүп, пенсия, пособиялар менен бюджетте иштегендердин айлык акыларын жогорулатуу жагын караштырса, Кыргызстандыктар кризисти деле сезбей калат.

Ал арада  дүйнөлүк каатчылык өкүм сүрүп турганда өкмөт алдында көмүскө экономиканы ачыктап, кошумча булактарды табуу вазыйпасы дагы бар экенин жергиликтүү серепчилер эскертишет. Мындай пипирди колдоорун айткан экспер Искендер Шаршеев абалдан чыгуу үчүн мамлекеттик аппаратты кыскартуу керек-деген ойдо.

Ал эми Экономика илимдеринин доктору Шайлообек Мусакожоев, өкмөттүн өлкө аймагында ишканаларды ачуу демилгесин колдойт. Бул багытта ишкерлерге көмөктөшүп, үстөк пайзы төмөн кредиттерди берүү керек. Талдоочунун баамында буга Кыргызстанда толук мүмкүнчүлүктөр бар.

Ошентип өкмөт башчы Темир Сариев алдыда Орусияда күтүлгөн каатчылыкка байланыштуу белди бекем бууп, былтыр башталган өнүгүү ыргагын улантып, кризиске каршы  чаралар тез арада бекитилерин билдирди. Ал эми Орусия  экономикасындагы олку-солку абал  сырткы факторлор, анын ичинде мунайдын дүйнөлүк баасынын арзандашы менен байланыштуу болууда.

  М.Абдраманова