Кыргыз бильярдчылар Орусияда күч сынашууда
Новость

Кыргызстандык бильярдчылар Орусиянын  Томск шаарында отуп жаткан  бильярддын "эркин пирамида" түрү боюнча дүйнө чемпионатына катышууда.  Мелдешти Каныбек Сагынбаев жеңиш менен баштады.  Ал алгачкы беттешин 7:3 эсеби менен россиялык бильярдчы Виталий Гривцовду утуп алды.

Бирок,  кыргызстандык Дастан Лепшаков менен  Канат Сыдыков  орус жана молдовадан келген атаандаштарынан 4:7 эсеби менен женилуу ызасын тартты.  Дүйнө биринчилиги 5-декабрда соңуна чыгат. Анда  17 мамлекеттен барган 67 спортчу күч сынашууда.