Кубаттуулугу 500 кВ эсептелген № 2 кабелдик чубалгынын муфтасы оңдолуп, кечээ Токтогул ГЭСиндеги экинчи блок ишке киргизилип, 200 мегаваттык кубаттуулук берилди. Учурда Токтогул ГЭСи 790 мегаватт кубаттуулукту иштеп чыгууда. ГЭСтеги нормалдуу иштөө режими калыбына келтирилди. Бул тууралуу, премьер-министр Темир Сариевдин жетекчилигинде өткөрүлгөн энергетикалык маселеге арналган кеңешмеде маалымдалды.
Ал эми, Премьер-министрдин энергетикалык маселелер боюнча кеңешчиси Кубанычбек Турдубаевдин айтымында, бүгүнкү күнгө карата кыргыз энергетикалык тутумунда жетиштүү кубаттуулук иштелип чыгууда. Керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоодо чектөөлөр болбойт жана энергетикалык жабдуулардын иштөөсүндө көйгөйлөр жок.
POST1RIGHT
ГЭСтин техникалык абалын комплекстүү иликтөөдөн өткөрүүнү эртерээк жыйынтыктоо зарыл. Ошондой эле токтоосуз түрдө республиканын энергетикалык системасынын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн кичи ГЭСтерди куруу картасын иштеп чыгуу керек. Бул туурасында премьер-министри Темир Сариев энергетикалык маселеге арналган кеңешмеде билдирди.
Эске салсак, декабрь айында Токтогул ГЭСинде эки жолу авария катталып, анда трансформатордун муфтасы, тактап айтканда кошула турган жери күйүп кеткен. Ошондой эле, 3- агрегатта авария болуп, анын 500 киловолттук кабели күйгөн. Бул эскилиги жеткен жана мөөнөтү өтүп кеткенден улам келип чыкканын энергетиктер билдирген.
Премьер кошумча кубаттуулук керек болсо Казакстандан импортто боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген. Жыйында Токтогул ГЭСин толук реконструкциядан өткөрүү үчүн ири суммада насыя алып жаткандыгы маалым болгон.