Кечээ, 1-декабрда Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөөдөн Базар-Коргон жана Сузак райондорундагы бир катар социалдык объекттер жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айыл аймагында жайгашкан №4 “Наристе” балдар бакчасы жана айылдык оорукананын бөлмөлөрүнөн майда жарака кеткен.
Бул эки имарат тең 1950-жылдарга чейин курулгандыгы белгилүү болду. Жердин силкинүусү мындан сырткары Сузак районундагы Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Абдырахманов атындагы орто мектептин ичинен, Кара-Булак айылындагы 10 Катранкы айылындагы 8 үйдүн жана “Кара-Булак” орто мектебинин ичинен майда жаракаларды пайда кылган. Кыйроолор жана жабыр тарткандар жок. Учурда тактоо иштери жүргүзүлүудө.