2016-жыл Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругунун негизинде тарых жана маданият жылы аталды. Адистер мындай чеминдин кабыл алынышын учурдун талабы экендигин белгилешүүдө. Анткени маданият менен тарыхга тиешелүү көңүл бурулбай келгендигин айткандар арбын. Мамлекет башчысы көтөргөн демилге кандай жемиш берет. Коңшу өлкөлөр 2016-жылды эмне деп аташты.
2016-жыл тарыхый даталарга бай жыл. Алсак Улуттук боштондуктун 100 жылдыгы, Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы жана Эгемендиктин 25 жылдыгы белгиленет. Маанилүү тарыхый саамалыктарга толгон 2016-жылды тарых жана маданият жылы аталгандыгы учурдун талабы.
Илипоздор мунун аркасында маданият жана тарых жаатындагы көйгөйлөргө көңүл бурулуп, улуттук баалуулуктарды жайылтууга, тарыхый окуяларга так баа берилүүгө таасирин берет. Талдоочу Кубан Абдымендин пикиринде көтөрүлгөн демилге жакшы жемишин берет, коом дагы аталган жараянга жигердүү катышуусу кажет.
Коңшу мамлекеттер дагы бул жылды түрдүү аташты. Өзбекстан 2016-жылды дени сак эне жана дени сак бала жылы жана Оруссия орус кино жылы деп аталген. Кыргызстанга үндөш кылып Беларуссия маданият жылы деди. Ал эми Түркменистан болсо маданий-тарыхый баалулуктарды жайылтуу максаттында “мурастарды даңазалоо аркылуу, мекенди кайра жаратуу” жылы деп аташкан. Серепчилер мамлекеттик деңгээлде маани берилип, бул тармактарга көңүл бурулуп жаткандыгы аламдашуу доорундагы учурдун талабы дешүүдө. Саясий серепчи Бекбосун Бөрүбашевдин айтымында учурда коңшу мамлекеттер жана Кыргызстан тарыхга, маданиятга тиешелүү мамиле кылуучу мезгил келди.
Эске сала кетсек 2015-жылы улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыяланган. Анын аркасында ишкерликти өнүктүрүп, ички дүң продукцияны көлөмүн көбөйтүү менен улуттук экономиканын көз карандысыз кылуу максатты көздөлгөн.
Мирбек Сакенов