Милиция өткөн жыл ичинде 20ден ашык кылмышты тергеп, укук коргоо тармагындагы башка органдардан алдыга чыкты. Мындай маалыматты бүгүн ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө, уюшкан кылмыш топторго жана коррупцияга каршы күрөшкөн башкармалыктын башчылары жыл жыйынтыгын чыгарган маалыматтарында белгиледи.
Жыл ичинде 300дөн ашык адам өлтүрүү катталса анын дээрлик 90 пайызынын бети ачылган. Уюшкан кылмыштуу топтун 243 мүчөсүн кармалган.
Мындан сырткары коррупциялык мүнөздөгү кызматтык жана башка кылмыштарды иликтөөдө милицияга бекитилген объектилер боюнча 450 кылмыш аракеттеринин бети ачылды.
2015-жылы ички иштер органдары тарабынан баардыгы болуп 20340 кылмыш иши тергелген. Бул көрсөткүч башка укук коргоо органдарынын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 94,7%ды түзөт. Анын ичинен ички иштер органдары тарабынан 15 424 кылмыш ишинин бети ачылган. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы, Адилбек Ботобаев билдирди. Республиканын аймактарында баардыгы болуп 313 адам өлтүрүү катталса, анын 293үнүн бети ачылды. Ал эми 20 факты ачылбай калды дейт.
2015-жылы министрликтин 5-башкы башкармалыгы коррупциялык мүнөздөгү кызматтык жана башка кылмыштарды иликтөөдө ички иштер министрлигине бекитилген объектилер боюнча 450 кылмыш аракеттеринин бетин ачкан. Аталган башкармалыгынын начальниги, Кайрат Тойбаев билдиришинче, Президенттин демилгеси менен коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан айоосуз күрөштү ишке ашырууда милиция да өз салымын кошууда. Өткөн жылда милиция мамлекеттин казынасына кол салган, пара алган 319 кылмыш ишин сотко жиберген. Арасында чоң кызматтагы чиновниктердин пара менен кармалган учурлары да бар деди Кайрат Тойбаев.
Милициянын башкы милдеттеринин бири уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш жүргүзүү болуп саналат. Министрликтин кылмыш иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш чаралардын негизинде бардыгы болуп 2 434 кишиден турган 980 кылмыш тобу кармалган. Ал топтор тарабынан 22 277 кылмыш жасалган.
Адам өлтүрүү боюнча 66 кишиден турган 27 кылмыш тобу кармалып, 28 кылмыш ишинин бети ачылган.
Милиция 2015-жылы уюшкан кылмыштуу топтун 243 мүчөсүн кармаганын ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы Мирлан Каниметов белгилейт. Анын айтымында, кармалгандардын ичинен 10 адам криминалдык чөйрөдө жогорку макам алып жүргөндөр, алардын ичинде сегизи “смотрящий”, бирөө уюшкан кылмыштуу топтун лидеринин кенешчиси жана бирөө уюшкан кылмыштуу топтун лидери болгон.
Каниметовдун айтымында, өткөн жылдын 12 ай аралыгында республика боюнча ар кандай кылмыштар жаатында издөөдө жүргөн 42 уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, жоопко тартылууда. Азыркы учурда ички иштер органдары тарабынан 15 уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү ар кандай кылмыш фактылары боюнча изделүүдө.