Өкмөттүн жеткиликтүү турак-жай долбоору ири шаарларды гана эмес, бүтүндөй өлкө аймагын камтыйт. Насыянын негизги бөлүгүн орус-кыргыз өнүгүү фонду каржылап, кредиттин алгачкысы ушул айдын аягынан тарта бериле баштамакчы. Бул тууралуу өкмөт өкүлдөрү билдирүүдө. Ал арада бул ири өнөктүк канчалык денгээлде ачык-айкын өтөт-деген суроо көпчүлүктү кооптондурууда. Себеби буга чейин өлкөдө мамлекеттик арзан турак жайлар акчалууларга берилип кеткени баарыбызга белгилүү дешет талдоочулар.
Кыргызстанда канчалаган жылдардан бери турак-жай маселеси көйгөйлүү болуп келет. Соңку кезде өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин демилгеси жана камкордугу менен турак жайлар курулуп, чек ара коопсуздугу жана укук коргоо кызматкерлерине бериле баштады. Президент ар дайым мындай жөрөлгө уланаарын жана калкты арзан турак-жай менен камсыз кылуу өкмөттүн негизги милдеттеринен экенин баса белгилеп келет.
Ал арада өкмөт мамлекеттик ипотеканы берүү боюнча талаптар даяр экенин билдирүүдө. Ага ылайык, мындай арзан турак-жайлуу болуш үчүн албетте мамлекеттик кызматта иштеп, 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбага ээ болуу шарт. Дагы бир негизги талап турак-жайы жок болушу керек жана ипотекага бериле турган батирдин наркынын алгачкы төлөм акысын, тактап айтканда 30 пайызын төлөөгө туура келет. Андан кийинки калган сумманы мамлекет насыя катары 12 пайыздык үстөгү менен 15 жылдык убакытка берет. Мындай жагымдуу кабарды уккан мамлекеттик кызматта иштегендердин айрымдары алгачкы 30 пайыздык төлөмүнө кейишүүдө.Себеби алдын-ала акча төлөөгө баарынын эле кудурети жете бербейт.
Бирок өкмөт бул маселени дагы көз жаздымда калтырбай, атайын топтоо кассаларын ачканы жатат. Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев «Биринчи радиого» келгенде билдирген болчу. Премьердин айтымында, батирдин наркынын алгачкы 30 пайыздык төлөмүн төлөөгө акчасы жоктор ипотекалык компаниянын экинчи айлампасы менен турак-жайга жетерин билдирген.
Арзан мамлекеттик турак-жайлар алгач социалдык кызматкерлер, мугалим, даарыгерлерге бериле баштайт.Бул жаатта Билим берүү, Саламаттыкты сактоо жана Социалдык өнүктүрүү министрликтери ар бир район шаарлар боюнча атайын тизмелерди түзүп, кезектерди аныкташат. Ал түзүлгөн тизме жергиликтүү бийликте дагы болот. Өкмөттүн жеткиликтүү бул турак-жай долбоору ири шаарларды гана эмес, бүтүндөй өлкө аймагын камтырын вице-премьер-министр Гүльмира Кудайбердиева билдирди.
Ал эми насыянын негизги бөлүгүн орус-кыргыз өнүгүү фонду каржылап жатканын Каржы министри Адылбек Касымалиев маалымдады. Мындан тышкары социалдык фонддо топтолгон акчалар дагы пайдаланылат.
Бирок коомчулукта бул ири компания канчалык деңгээлде ачык-айкын жана адилеттүү өтөт-деген суроо менен кооптонуулар жок эмес. Себеби буга чейин мамлекеттик арзан турак-жайлар чындыгында үйү жокторго берилбей эле, жең ичинен капчыктууларга ыйгарылып кеткен учурлар дагы кездешип келген.Талдоочулар чыныгы муктаждар турак-жайга ээ болгондо гана бул ири программа максатына жетерин эскертишүүдө. Андыктан курулуш компанияларына ачык тендер өткөрүлүп, алды менен тизмени түзүүгө өзгөчө дыкат көзөмөл керек-дешет алар. Бул мамалекеттик ипотекалык компанияны тооруп турган тобокелдиктер аз эместигин Юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев дагы белгилейт. Алардын алдыңкы сабында жемкорлук турат.
Ошентип өкмөт дымактуу дагы бир долбоорду ишке ашырууну көздөп, мамлекеттик кызматтагыларды арзан турак-жай менен камсыздоого кадам таштоодо.Ал үчүн быйыл алты млрд сом жумшалаары каралган. Буга чейин болсо, тиешелүү каражат табылбай келген. Бүгүнкү күндө компания ишин баштап, курулушу убактылуу туруп калган турак-үйлөрдү жандандырууга дагы жол ачылары айтылууда.