2015-жылдагы ички дүң продукция 424 милиард сомго жакындады. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 3.5 пайызга өскөндүктөн кабар берет. Республика боюнча дүң жана чекене соода жүргүзүүнүн көлөмү 120 миллиард сомдон ашты. Жалпы 2015-жылдагы социалдык-экономикалык абал туурасында улуттук статистика комитетинде бүгүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында кеңири кеп жүрдү.
Жалпысынан 2015-жылы керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли 3.4 пайызды түздү. Мында өнөр жай продукциясынын көлөмү мурунку жылга салыштырмалуу 4.4 пайызга төмөндөдү.
Тышкы экономикалык ишмердик мурунку жылга салыштырмалуу 23 пайызга төмөндөгөнүн маалымат жыйынында айтылды. Анын ичинен экспорт 10.7 пайызга, импорт 27.4 пайызга азайганын адистер белгилешти.