Кыргызстанда даярдалган тамак-аш азыктарына суроо талап өстү. Соодагерлердин айтуусунда мындан эки- үч жыл мурун коңшу мамлекеттерден келген азыктарга суроо талап күч болсо акыркы убакта эл өзүбүздөн өндүрүлгөн тамак-ашка басым жасай баштады. Адистердин белгилешинче өлкөдө даярдалган тамак -аш азыктары арзан жана сапатуу.
Тамак-аш азыктарынын баардык түрүн саткан борбордогу базарларда кардарлар өз табитине жана чөнтөгүнө жараша продуктуларды сатып алышат. Мында башка мамлекеттерден алынып келинген жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн товарлары коюлган. Соодада 10 жылдан бери иштеп келе жаткан Канайым Абдразакованын айтуусунда мындан эки- үч жыл мурун коншу өлкөлөрдөн келген азыктарга суроо талап күч болсо акыркы убакта эл өзүбүздөн өндүрүлгөн тамак-ашка басым жасай баштады.
Соодагерлердин белгилешинче ар бир кардар сатып алууда азыктын сапатына жана тышкы көрүнүшүнө көңүл бурат. Азыркы тапта Кыргызстанда жасалып жаткан тамак-аш азыктары сатыкка кеңири жайылып, сапаты жакшы болгону менен анча-мынча көңүл бурчу жагдайы бар.
Учурда өлкөдөгү базарларда жана ири соода дүкөндөрүндө 50 пайыздан ашуун Кыргызстандан даярдалган азыктар коюлган. Буга элден түшкөн суроо талаптын көптүгү себеп болгон. Калаадагы дүкөндөрдүн биринде соода кылган Миргүл Турдуева жергиликтүү азыктарды жайылтууда аны жасаган фирмалардын ролу чоң экенин белгилейт.
Буга чейин, Экономика министрлиги “Кыргызстанда өндүрүлгөн” баардык товарлардын брендин өлкө ичинде эле эмес башка мамлекеттерге жайылтуу аракетин көрүп жатканын “Биринчи радиого” Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев кабарлаган.
Жумакан Батырбекова