Доллардан баш тартууга мүмкүнбү?
Новость

Мындан ары кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөр  улуттук валюта сом менен гана сатылып башташы ыктымал. Бул багытта өкмөт башчы Темир Сариев тиешелүү мекеме жетекчилерине атайын тапшырма берди. Мындай чара көрүү аракети өткөн жумада Америка акчасынын кескин кымбаттап, 79 сомго чыккандан кийин көрүлүүдө. Ал арада жергиликтүү серепчилер демилге өз убагында көтөрүлгөнүн жана буга чейин кабыл алынган  улуттук валюта боюнча мыйзамдар иштебей келгенин айтышууда.  

Өлкөдө акча рыногунда олку-солку абал болуп, элдин тынчсыздануусун жаратууда. Америка акчасы жакында эле кескин кымбаттап 79 сомго чеийн чыгып, кайра Улуттук банктын жүргүзгөн интервенциясынан кийин турукташып калды.Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов өкмөт жыйынында доллардын курсун чайкоочулар көтөрүп жатканын айтып, элдин дүрбөлөңгө тушүүсү, аларды шыктандырып жатканын билдирген болчу.

 "Доллардын тегерегинде жасалма жагдай жасалып жатат. Ал эми элдин дүрбөлөңгө түшүүсү чайкоочуларды шыктандырууда. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда доллар курсунун жогорулоосуна өбөлгө болчу шарттар жок. Азыр реалдуу курс 75-76 сом болууда" - деп билдирди Толкунбек Абдыгулов.

Улуттук банктын доллардын курсун чайкоочулар көтөрүп жатат –деген мындай билдирүүсүнөн жана аталган банктын көргөн чараларынан кийин Америка акчасынын курсу бир аз төмөндөгөн. Мындай абалды жөнгө салуу үчүн өлкөдө эсеп-кысапты сом менен гана жүргүзүүгө убакыт келип жеткенин өкмөт башчы Темир Сариев айтып, атайын билдирүү дагы жасады. Премьердин айтымында,кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү доллар менен сатууда  эл ашыкча чыгымга туш болуп, эсселеп төлөп берүүдө. Себеби ким кандайдыр бир мүлктү сатып алгысы келсе, алгач доллар сатып алып, анан доллар менен төлөшү керек:

"Бардык кыймылсыз мүлк доллар менен сатылууда. Ким сатып алгысы келсе алгач доллар сатып алып, анан доллар менен төлөйт. Ал эми саткан киши долларды алып кайра базарга барып, жаңы товар алыш үчүн  долларын алмаштырат.Эми жакында  Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү сатып алууда улуттук валюта аркылуу иш жүргүзүүгө өтүү каралмакчы" - дейт Темир Сариев.

Ал арада кардарлардын суранычы менен турак-жайларды улуттук валюта менен сатууга өткөн курулуш компаниялары дагы пайда боло баштады. Алардын билдирүүсү боюнча мындан эч кандай деле ыңгайсыздыктар жарала койгон жок. Бирок авто унаа сатуучулар азырынча мындай тобокелчиликке баргандан кооптонуп турушканын айтышууда. Ал арада жергиликтүү серепчилер өкмөт башчы Темир Сариевдин соода-сатыкты улуттук валютада гана жүргүзүү демилгеси колдоого алышып, бул мезгил талабы экенин эскертишет.

Бардык операцияларды сом менен жүргүзүүгө Коммерциялык банктар даяр экенин айтышууда. Бирок валюта базарындагы сом бардык керектөөчүлөргө жетеби –дегендер дагы жок эмес. Экономист Айылчы Сарыбаев мындай пикирлерге кошулбайт. Себеби ал улуттук валюта менен соода алаканы жүргүзүүгө эч кандай тоскоолдуктар жок экенин, бул багытта кабыл алынып бирок иштебей жаткан мыйзамдар дагы даяр экенин эскертет.

Ошентип валюта базарындагы кескин олку-солкуларды алдын алуу максатында өкмөт соода-сатык операцияларын улуттук валютада гана жүргүзүү аракетин көрүүдө. Буга байланыштуу тиешелүү мекемелер 20 күн аралыгында бардык кызмат жана товарларга бааны сом менен гана көрсөтүүгө милдеттендире турган нормативдик-укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгып, өкмөткө сунушташы керек.

 Мээрим Абдраманова "Биринчи радио".