Кыргызстанда илимди өнүктүрүүгө каражат өтө эле аз бөлүнөт
Новость

Кыргызстанда илимди өнүктүрүүгө  каражат өтө эле  аз бөлүнөт. Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев  илим жана инновациялар кеңешинин жыйынында билдирди. Премьердин айтымында өнүккөн өлкөлөр илим тармагын каржылоого ички дүң өндүрүмдүн үч пайызын бөлүүгө аракеттенет. Кыргызстанда бул көрсөткүч 0,11 пайызды гана түзөт. Өкмөт илим боюнча департамент, кеңеш жана фонд түзүп сырттан каражат тартууга аракеттенүүдө - деди Сариев.

Премьер-министр илим тармагында реалдуу реформа жүргүзүү боюнча президент тарабынан тапшырма берилгенин белгиледи. Бул максатта аткарыла турган негизги иштер өлкөнү туруктуу өнүгүү стратегиясына камтылган. Анын бири мамлекет менен илимий уюмдардын карым-катнашын өзгөртүү, биринчи кезекте маанилүү багыттарды  каржылоо жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү кадамдары белгиленген.