Алтын куймаларды белек кылыңыз
Новость

 Кыргызстанда үлпөт тойлордо алтын куймаларды белекке берүү адатка айланды. Бул туурасында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Анын айтымында, Улуттук банк саткан алтын куймалар суроо-талапка ээ болууда. 1 граммдан 100 граммга чейин уникалдуу номуру бар алтын куймаларды сатуу 2015-жылдын 19-майында башталган.

Алардын баасы дүйнөлүк биржадагы алтындын наркына жараша эсептелет. Маалыматтар боюнча, быйылкы жылдын май айынан баштап 57 куйма сатылган.