Кыргыз тилине доо кетиргендер айыпка жыгылыш мүмкүн
Новость

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Мамлекеттик тил” жана “Жарнама жөнүндө” мыйзамын одоно бузган жарнама ээлерине карата Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылды. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бакыт Айтиев билдирди. Мыйзам талаптарына ылайык, прокуратура тарабынан Бишкек шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык менчик башкармалыгы жана Атаандаштыкты өнүктүрүү жана монополияга каршы саясат боюнча департаментинин Бишкек бөлүмүнө жазма эскертүүлөр жөнөтүлгөн.