Улуттук банк жыл башынан бери валюта базарындагы абалга 5 ирет таасир этти. Кечээ 12- январда 7 миллион 800 миң доллар интервенция жүргүздү. Жалпысынан алганда борбордук банк 2016-жылы 27 миллион 650 миң доллар сарптады. 6- январга карата маалымат боюнча Улуттук банктын эл аралык камынын көлөмү 1миллиард 758 млн АКШ долларын түзүп, 4 ай импортту жабууга жетет.