«Хизбут-Тахрир» мүчөлөрүнүн арасында Орусиянын жараны кармалды
Новость

Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан Бишкек шаары менен Чүй облусунда «Хизбут-Тахрир» уюмунун жашыруун ишмердиги токтотулду. Тыюу салынган уюмдун мүчөлөрү радикализм идеологиясын жайылтуу боюнча активдүү иш алып барып, жаштарды экстремисттик топтун катарына кошулууга үндөгөн.

Тинтүү учурунда экстремисттик мазмундагы 600 дөй адабият, флеш-карталар, DVD  жана СD-дисктер жана планшеттер табылды.   Кармалгандардын үчөө Кыргызстандын, бирөө Орусиянын жараны болуп чыкты жана бул боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө уланууда.