Жалал-Абад облустук төрөт үйүнүн шарты начар абалда
Новость

Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө жылына 2000 төрөттү гана чыгарууга шарт болгону менен, азыркы күдө жылына 7000 миңдин тегерегинде төрөт чыгарууда. Калктын саны өсүп, төрөт көбөйгөнү менен бирок төрөт үйдүн шарты ошол эле бойдон.Азыркы күндө орундук тартыштыгы күч болуп,алыскы аймактан келгендер кыйынчылык тартышууда.

Бул төрөт үйү алгач шаардыктарды гана тейлеп келген. 2001-жылы макамы облустук болуп өзгөрүп, Жалал-Абаддын бардык райондорунан кош бойлуу энелер кабыл алына баштаган. Бирок мындагы орундар менен кызматкерлердин саны ошол эле бойдон калган. Эми энелерге орун жетпей, бир бөлмөгө үчтөн, төрттөн кош бойлуу жайгаштырылууда.

 Төрөт үйү 100 орунга ылайыкташкан. Жылына болгону 2000 төрөт кабыл алууга шарт түзүлгөн. Азыр болсо жыл ичинде кайрылган кош бойлуулардын саны жети миңге жетүүдө. Төрөт үйүндө болсо 255 дарыгер эмгектенет. Алардын жыйырмасы акушер-гинеколог. Шартка байланыштуу бары күчөтүлгөн тарипте иштеп көнүп калган.

Облустук төрөт үйүнүн имараты 1990-жылдары салынган. Буга кошумча ошол эле жылдары 100 орунга ылайыкташкан дагы бир имараттын курулуш иши төрөт үйүнүн жанына салынып башталып, кайра токтоп калган. Адистердин айтымында бул токтоп калган имарат кайрадан курулса төрөт үйүндөгү орундукка болгон муктаждыктар жоюлмак.