Тажикстанда доллардын артынан ун менен май да кымбаттады
Новость

11- январдан баштап Дүйшөмбүнүн базарларында кээ бир азыктар 30-40%га көтөрүлгөн.Маселен, бир мүшөк ундун баасы 165 сомониден 200гө чейин, бир килограмм шекер 5,5 сомониден 7ге, 5 литрлик өсүмдүк майдын бир бөтөлкөсү 45 сомониден 50-55ге чейин кымбаттады. Кээ бир жарандар доллар кымбаттаган сайын азык-түлүктөрдүн корун камдоого киришти.

Бир жылдын ичинде улуттук валютанын долларга карата наркы 40% түшкөн. Азыркы учурда ишкерлер товарлардын баасын атайлап көтөрүп, жаңы продукция ташууну убактылуу токтотушту.

Тажикстан калкынын 30%  жакырчылыкта жашайт. Көпчүлүк үй-бүлөлөрдө бир гана адам иштейт. 2015-жылы пенсия жана айлыктын көтөрүлүшүнө үмүт артып, бирок ал ишке ашпаган мамлекеттик кызматкерлердин жана ардагерлердин жашоолору деле көңүл жылытпайт.