Кургак учук менен ооругандардын укуктары толук түрдө корголбойт. Бул туурасында Кургак учукка каршы күрөшүү коалициясынын директору Индира Казиева билдирди. Анын айтымында, өлкөдө бул илдет менен жабыркагандардын саны- 5700, анын 1800ү кургак учуктун туруктуу түрүнө чалдыккандар. Илдеттин оор түрүнө кабылгандарды дарылоо он сегиз айга созулат, бирок аягына чейин дарыланып чыккандар өтө аз.
Буга ар башка шарттар себеп, бирин каржы маселеси кыйнаса, башкасын үй жайындагы шарты жоктугу ойлондурат,- дейт адистер. Кургак учукка каршы турган коомдук уюмдар оорулуулардын абалы жана алардын укуктарын көзөмөлгө алуу максатында, Кыргызстан боюнча изилдөө жүргүзөт.