Сасык тумоого чалдыккандардын саны кескин өсүүдө
Новость

Кечээ Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында  сасык тумоого кабылып, дарыланып жаткан 3-аял  каза болду. Өлкөдө сасык тумоого чалдыккандардын саны өсүүдө. 2015-жылы январь айынын башында миңден ашуун бейтап ооруканага келсе, быйыл 10 күн аралыгында 2 миңге жакын  адам кайрылган. Узаган жылга салыштырмалуу сасык тумоологондордун саны эки эсе өскөн.