Имамдар үчүн өзгөчө кырдаалдар боюнча сабактар болуп өттү
Новость

2016-жылдын 9-январынан 11-январына чейин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра борборунун аймактык кафедрасынын окутуучулары тарабынан Ош Мамлекеттинин университетинин Теология факултетинде табийгый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар боюнча сабактар болуп өттү.

Бул сабактар Ош облусунун жана Баткен облусунун имамдары үчүн өткөрүлүп,  сабактарга 195 мечит кызматкерлери катышышты.

Окутуунун негизги максаты  Кыргызстанда жарандык коргонуусунун мамлекеттик системасын, калктын табийгый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча аткарылуучу иш аракеттер жөнүндө маалымат алуу жана ыкчам кабар берүү системасы жана усулдарын үйрөтүү,ошондой эле өзгөчө кырдаалдар учурунда жүрүм-турум эрежелери боюнча калктын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду.